Орусия БУУнун инспекторлору Сирияга кайтканын кабарлады

Бириккен улуттар уюмунун химиялык курал боюнча инcпекторлору Сириянын борбор шаары Дамаскка кайтканын Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков маалымдады.

- БУУнун инспекторлору Сирияга  кайтыш керек деген чакырыктын аткарылганына ыраазыбыз, - деди Рябков. 

14-сентябрда  Женевада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядан химиялык куралдын алып чыгууну же 2014-жылдын ортосуна чейин жок кылынышын макулдашкан.