Кесиптик билим берүүнүн жаңы усулдары талкууланат

Башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы алдыңкы тажрыйба – эмгек мигранттарынын укуктарын коргоодогу эң негизги курал деп аталган иш-чарада кесиптик-техникалык билим берүүчү лицейлерде заманбап окутуу усулдары сунушталмакчы. Анын ичинде иш берүүчүлөр менен окуу процесси жана программасы боюнча кызматташуу, кесиптик-техникалык билим берүүдөгү инновациялык усулдар, өндүрүш практикалары жана башка усулдар бар.
Жыйынга кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин өкүлдөрү, окуу жайлардын мугалимдери жана Эл аралык миграция уюмунун өкүлү катышат.(ZKo)