Иракта жардыруулардан 18 адам мерт кетти

Бүгүн Иракта эки базарда жардыруу болуп, кеминде 18 адам мерт кеткени, 50 адам жараат алганы кабарланууда.

Жардыруулар Саба-ал-Бур жана эл-Доура райондорунда болду.

Акыркы айларда Иракта сунниттер менен шииттердин тирешүүсү күчөгөндүгүнө байланыштуу түрдүү чабуулдар жана жардыруулар кеcкин күчөдү.

France Presse маалымдагандай, сентябрь айынан баштап чабуулдардан 680 адам жабыркады. (AiK)