Караколдо кылмыштуу топ кармалды

Каракол шаарында уурулук кылмышына шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка”  Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган 3 кишиден турган бул топ шаардагы үйлөрдү тоноо менен алектенген. Каракол шаарынын 19-22 жаштагы тургундары 12 үйдү тоногон деп шектелдүүдө. Тергөө амалдары жүрүп жатат. (MK)