Мургабда Кыргызстанга бараткан туристтер жоголду

Тажикстандын Тоолуу Бадахшанына караштуу Мургаб шаарына жакын жерде беш америкалык турист жоголду. Бул тууралуу Душанбедеги АКШ элчилиги маалымдады.

Колорадо штатынан келген туристтер Алты-Мазар дарыясы аркылуу кайыктар менен Кыргызстанга сапар тартууга камынган. Алар жоголгон жерде эки кайык табылган. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакты тик учак менен кыдырып чыкканын кабарлады. Издөө иштери үчүн бүгүн да уланат.