Токтогулда өрт өчүрүлүүдө

Райондун Ничке-Сай айыл аймагында  3-октябрга  караган түнү Кара-Туз жана  Ийме чектериндеги жайыттарда кургак чөп күйө баштады.

Кечээ өрттү өчүрүүгө Ничке-Сай айыл аймагынан 20 адам, токой чарбасынан 8 киши, КР ӨКМнин Токтогул райондук Куткаруу кызматынын 4 кызматкери, КРнын ӨКМнин №60 өрт коопсуздугу бөлүмүнөн 7 адам жана РИИБнөн 4 адам же бардыгы болуп 43 киши жөнөп кетишкенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Өрт болгон жерде телефон байланышы жок болгондуктан кошумча маалымат берилет.(YA)