Быйыл 82 адам сууга чөгүп каза болду

Сууга чөккөндөрдүн 28и Чүй облусунан, Нарын жана Талас аймактарынан үчтөн, Ысык-Көлдө 13, Жалал-Абадда 9, Баткенде 6, Ош облусунда 10, Ош шаарында 4, Бишкек шаарында 6 адам катталган. Сууга чөккөндөрдүн 22си балдар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, каза болгондордун көбү сууда сүзүү эрежелерин билбей, же мас абалында сууга түшкөн. (YA)