Орусия 13 чеченге 1.2 млн. евро төлөп бериш керек

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияны 13 чеченге 1.2 миллион евро төлөп берүүгө мажбурлаган өкүм чыгарды.

Чеченстандагы Арсланбек-Шерипово кыштагында 2000-жылдын февралында орус аскерлеринин чабуулунан 18 тууганын жоготкон үй-бүлөлөргө Орусия армиясы куралчан козголоңчулар жок болсо, сокку жасабайбыз деп кепилдик берген. Ага карабай, өкмөттүк күчтөр айылга чабуул койгон.

Бул – тарыхтагы биринчи жолу Адам укуктары боюнча Европанын конвенциясынын 2-беренесин бузуу боюнча Орусияга коюлган айып.