“Манас-2” терминалы транзит залы катары колдонула баштайт

Кийинки аптадан баштап Улан-Батордон учуп келчү каттам экинчи терминалга киргизилип, кайра учурууга аракет көрүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” эл аралык аэропортунун вице-президенти Нурлан Мамыров кабарлады.

“Манас-2ни” үлгүлүү терминал катары өнүктүрөлү деген оюбуз бар. Азыр бүт авиакомпаниялар менен кимиси экинчи терминал аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыганга даяр экенин сүйлөшүп жатабыз. Азырынча эки-үч компания макулдугун билдирди. Алар да өз мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат. Эгер бул ишке ашса экинчи терминал аркылуу жөнөкөй жүргүнчүлөр уча баштайт. Убагында муну бир үй-бүлө үчүн гана куруп койгон. Кыргызстан эли бул терминалдан учууга татыктуу жана укуктуу”, - дейт Мамыров.

Экинчи терминал “Манас” аэропортунун каражатынын эсебинен курулган. Эми аэропорт аны өз балансына алууну пландап жатат. Ошондой эле аэропорт жетекчилиги анын тейлөө стандарттарын жогорулатуу максатын көздөөдө. (КЕ)