Жантөрө Сатыбалдиев Ошко барды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эки күндүк иш сапар менен бүгүн Ош облусуна барды. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Сатыбалдиев облуста курулуп жаткан бир нече социалдык объекттердин курулушу жана Ош шаарындагы жылуулук электр борборунун кышка даярдыгы менен таанышат. Ошондой эле өкмөт башчы Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чарага катышмакчы. (BkA)