Ош шаарында жарылуу болду

Бүгүн кечки саат сегиздер чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Батыш күзөт бөлүмүндө жарылуу болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиришинче,  жарылуудан 3 киши жаракат алды. Жарылуунун себептерин азыр башкармалыктын адистери менен өрт өчүргүчтөр биргелешип иликтөөдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жерде автоген (металлды ширетүү же кесүү үчүн колдонуучу жабдык) жарылган болушу мүмкүн.