Акыйкатчыны шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча маалымат берилет

Мыйзам бузуулар тууралуу Акыйкатчылыкка талапкерлер Акылбек Сариев, Нурбек Токтакунов жана көз карандысыз юрист Эрик Рыскулбеков бүгүн журналисттерге айтып беришет.

КР Акыйкатчысын шайлоо 2-3-октябрда эки айлампа менен жүргүзүлүп, натыйжада 49 талапкердин ичинен Бакыт Аманбаев утуп чыккан. Акыйкатчыны ЖК депутаттары шайлашты.(ZKo)