Ош жана Алматы шаарларынын жаштары форум өткөрүштү

Ага эки шаардын жаштар саясаты боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын жаштар комитеттеринин төрагалары катышты.
Форумдун негизги максаты - Алматы жана Ош шаарларынын жаштары арасында достук мамилелерин бекемдеп, тажрыйба алмашып, кызматташуу. Форумдун жыйынтыгында мындан ары кызматташуу боюнча эки тарап меморандумга кол коюшту.(ZKo)