Физика боюнча Нобель сыйлыгы Хиггстин бозонуна тапшырылды

Физика боюнча Нобель сыйлыгы британиялык окумуштуу Питер Хиггс жана бельгиялык Франсуа Энглерге бозондун бар экенин негиздеп бергендиги үчүн ыйгарылды.

Хиггстин бозону - бул бөлүкчө. Анын жардамы менен башка бөлүкчөлөр массага ээ болот. Бул бөлүкчөгө британиялык окумуштуунун аты ыйгарылган. Анткени ал 1964-жылы бөлүкчөнүн бар экенин айтып чыккан.

Сыйлыкты тапшыруу аземи Стокгольмдо 10-декабрда өтөт. (AiK)