Нарында түндүк-түштүк жолун бириктирчү көпүрө ишке берилди

Жумгал жергесинде Көкөмерен дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнүн ачылыш аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты. Кабарчыбыздын айтымында, мамлекет башчы бул көпүрөнүн экономикалык  жана түндүк-түштүк  элинин карым-катнашын бекемдөөгө мааниси чоң экенин белгиледи. Бул альтернативдүү түндүк-түштүк  жолун бириктире турган көпүрө. Анын узундугу 18 метр, жалпысынан 82 млн. сом каражат жумшалган.

Атамбаев көпүрөнү ачуу аземинен кийин Ак-Талаага учуп кетти. (КЕ/TSh)