"Бишкек-Паркка" бомба коюлганы жалган болуп чыкты

"Бишкек-Парк" соода борбору, 17-октябрь, 2013-жыл

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Анын айтымында, соода борборунда эч кандай жардыргыч зат табылган жок. Бүгүн кечки төрттөн кийин белгисиз бирөөлөр милицияга чалып, “Бишкек-Парк” соода борборунда бомба бар экенин билдирген. Мындан соң имараттан сатуучулар жана сатып алуучулар чыгарылып, саперлор менен кинологдор иштешти. Учурда соода борборундагы курчоо алынып, андагы дүкөн, эс алуу жайлары кардарлар үчүн эшигин ачты. (BkA)