Москвада Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленет

Орусияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин белгилөө иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 24-октябрда Москвадагы чет элдик адабият китепканасында  башталат. Анын алкагында, бул китепканага жазуучунун бюсту коюлуп, конференция, сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Декабрь ичинде Москвадагы бир катар китепканаларда Айтматов кечелери өтмөкчү.(BkA)