Кыргыз тайбоксчусу жарым финалга чыкты

Кыргызстандык тайбоксчу Данияр Кашкараев Орусияда өтүп жаткан жоокердик өнөр боюнча Бүткүл дүйнөлүк оюндардын жарым финалына чыкты. Ал 57 килограмм салмакта ооганстандык Наджав Таморини утуп алды. Бүгүн кечинде орусиялык Александр Абрамов менен күч сынашат.

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан мелдеште өлкө намысын 13 спортчу коргоп жатат. Спорттук иш-чарага жүзгө жакын өлкөдөн келген 2000дей спортчу спорттун 15 түрүнөн мөөрөй талашууда. Кыргызстандан баргандар бокс, самбо, бел кур күрөшү, кикбоксинг, тай бокс боюнча күч сынап жатышат.

Тайбокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону, Кыргызстандын жараны Валентина Шевченко бул ирет Перу өлкөсүнүн намысын коргоп, 60 кило салмакта Азия чемпиону, монголиялык Зууннат Алтансухту эсин оодара согуп, жарым финалга чыкты. Валентина финалга чыгуу үчүн эми тайланддык Пимнипа Танаватпипат менен күч сынашат.

Жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк оюндар 18-октябрда башталган, 26-октябрда жыйынтыкталат. (KMa)