Москвада Айтматовду эскерүү иш-чаралары башталат

Бүгүндөн тарта Орусияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин белгилөө иш-чаралары башталат. Маалыматка ылайык, алгачкы иш-чаралар Москвадагы чет элдик адабият китепканасында өтөт. Анын алкагында, бул китепканага жазуучунун бюсту коюлуп, конференция, сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Ал эми декабрь айынын ичинде Москвадагы бир катар китепканаларда Айтматов кечелери өтмөкчү.(BkA)