Өкмөт бирдиктүү каттоо системасын түзөт

Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, Кыргызстандын бардык жарандары тууралуу маалымат топтолгон бирдиктүү каттоо системасы ишке киргизилет. Аны ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына үч айлык мөөнөт берилди. Буга чейин аталган кызматтын төрагасы Эрлан Сапарбаев каттоо системасынын техника-экономикалык негиздемеси даярдалганын билдирген. Аны 2014-жылдан баштап биометриялык паспорт долбоору менен бирдикте ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бирдиктүү каттоо ситемасына өлкөнүн бардык жарандары тууралуу маалыматтар топтолот. Cистема мамлекеттик каттоо, укук коргоо, салык кызматтарынын ишин жеңилдетет.(BkA)