Баткен окуясынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн Бишкекте Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Ушул жылдан тарта 26-октябрь 1999-2000-жылдардагы кооганы эскерүү күнү катары бекитилген.

Бүгүн борбордогу Баткен окуясынын курмандыктарынын эстелигине гүл коюлду. Эскерүү жыйынына күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана окуянын катышуучулары келди.

1999-жылы Баткенге "Өзбекстандын ислам кыймылы" аттуу топ кол салган. Баткенчилердин маалыматы боюнча, ага мурда аскерде кызмат өтөп кеткен 600гө чукул адам чакырылган. 82 киши набыт болгон. (AKu)