“Алай” командасы Кыргызстандын чемпиону болду

Ош шаарынын “Алай” командасы Бишкектин “Дордой” командасы менен жекшембиде беттешти. Оюн Ош шаарында өтүп, жыйынтыгы 1:0 эсебинде “Алайдын” пайдасына чечилди. Атаандашынын дарбазасына топту команданын оюнчусу Владимир Веревкин киргизди.

“Алай” футбол командасы буга чейин Эгемендүүлүккө карата Бишкек кубогу үчүн беттеште “Дордой” командасын утуп алган.(ZKo)