Курманбек Осмоновго кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура 1992-2009-жылдар аралыгында “Кумтөр“ боюнча пайдасыз келишим түзгөн деген айып менен коррупция беренеси боюнча "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновго кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, 25-октябрда анын коргоочусу Осмонов дарыланып жатканына байланыштуу тергөө иштерин жылдырууну өтүнгөн. Осмонов 1992-2009-жылдар ортосунда Юстиция министри, биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеген.

“Кумтөр” келишимине байланыштуу 25-октябрда Башкы прокуратура Кыргызстандагы мурдагы каржы министри Болот Абилдаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиевди кармап, ошол эле күнү алар тил каттын негизинде бошотулган. (КЕ)