Грузиядагы президенттик шайлоодо Маргвелашвили утту

Грузиянын БШКсы алдын ала чыгарылган жыйынтык боюнча жеңиш Бидзина Иванишвилинин союздашы Георгий Маргвелашвилиге таандык болгонун билдирди. Добуштардын дээрлик 100% эсептелип бүткөнүн билдирген БШК Маргвелашвили 62% ашыгыраак добуш менен атаандаштарынан озуп чыкканын маалымдаган. Ал эми Саакашвилинин тарапкери Дэвид Бакрадзе 22% добуш алды. Мурдагы спикер Нино Буржанадзе 10% добушка ээ болду.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоого 46,6% шайлоочу катышты.
ЕККУнун байкоочулары жекшембиде өткөн президенттик шайлоо акыйкат жана ачык өткөнүн билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Грузиянын жаңы бийлиги Орусия менен достук саясатын улантарына ишенерин маалымдады.