УКМК кызматкерлеринин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 28-октябрда Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жаштары коопсуздук комитеттин үч кызматкерин барымтага алып, бир нече саат кармап турушкан. Бул факты боюнча Жети-Өгүз райондук прокуратурасы үч: эркинен мыйзамсыз ажыратуу (128), каракчылык (168) жана бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөтүү (341) беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын башкы врачы Токтобек Маанаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ооруканага кечээ үч киши келип түшкөн. Экөө жеңил сокку жеген, бирөө башынан жаракат алган.

Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг уюштургандардын бири Замир Меңдибаев УКМК кызматкерлери сабалбаганын, кечээ алар Саруу айылында жергиликтүү эки жигитти кармап баратканда башка тургундар ажыратып калууга гана аракет кылышканын, буга райондун акими, милиция башчысы күбө болгонун “Азаттыкка” айтты. (КЕ)