Алымбеков өкмөт башчынын ишин иликтөөнү сунуштады

Жогорку Кеңештин "атамекенчи" депутаты Эркин Алымбеков бүгүн Башкы прокуратура, Коррупцияга каршы кызматына кайрылып, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалидевдин авиокомпанияларды калкалоого тиешеси бар-жогун иликтөөнү сунуштады. Алымбековдун айтымында, премьер-министр жана Транспорт министрлигинин жетекчилиги Москва багытын тейлеген авиакомпанияларды калкалап келет.

- Мындан ар бир жарандын чөнтөгүнөн 300 доллардан каражат ашыкча кетүүдө. Жантөрө Сатыбалдиев “Скай Бишкек” авиакомпаниясына түздөн түз тиешеси бар. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири өкмөт башчынын кызы Асел Нурматова” - дейт Алымбеков.

Депутат өкмөт башчынын бул ишиин 4-ноябрдагы коррупция маселесине арналган Коргоо кеңешинин жыйынында кароону сунуштады.

Сатыбалдиев бүгүнкү маалымат жыйында кызы “Скай Бишкектин” негиздөөчүсү экенин моюнга алды. Бирок ал авиакомпанияларды калкалоодо деген маалыматты четке какты. (КЕ)