2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин күнү

Буга байланыштуу бүгүн Улуттук филармонияда жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт. Мындан тышкары Улуттук консерваторияда, А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрында жана аймактардагы драма театрларда бир катар концерттик программалар болот. (ZKo)