Кытайда фабрикадагы жарылуудан 11 адамдын өмүрү кыйылды

Жарылуу өлкөнүн түштүгүндө фейерверк жасоочу фабрикада болгон.
Андан 11 адамдын өмүрү кыйылгандан тышкары 17 киши жаракат алды.

Мамлекеттик “Синхуа” агенттигинин кабарына караганда, жарылуунун себеби белгисиз, өлгөндөрдүн көбү аял жумушчулар. Кырсыкка байланыштуу эки ишкер кармалган.

Коопсуздук стандарттарынын начардыгынан улам акыркы жылдары Кытайдын фейерверк өнөр жайында адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталууда.

Быйыл февралда фейерверк салып келаткан унаа жарылып, кан жолдогу көпүрө кыйраганда 11 адам мерт болгон. (UE)