“Түндүк электр” “акылдуу” эсептегичтеги кубаттуулукту көбөйтөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүк электр” ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева кабарлады. Анын айтымында, жергиликтүү тургундардан, Энергетика жана өнөр жай министрлигинен “акылдуу” эсептегичтеги кубаттуулукту көбөйтүү сунуштары түштү. “Түндүк электр” ишканасынын техникалык кеңеши аны 10 киловаттка көтөрүү чечимин чыгарды.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги жаңы үлгүдөгү “акылдуу эсептегичтерди” коюу менен уурулукту кыскартып, токту ашыкча колдонгондорго чек койууну көздөп жатат. Ага ылайык, бир турак үйгө 5 киловатт кубаттуулуктагы электр энергиясы берилмей болгон. Энергетиктердин айтымында, бул чек үйдөгү электр тогу менен иштөөчү тиричилик буюмдарын (муздаткыч, сыналгы, лампалар, чаң соргуч жана башка) бир убакта иштетүүгө жетет. Ал эми 5 киловаттан ашык кубаттуулукту талап кылган үй жылыткычтарды иштетүүгө жол бербейт. Өткөн аптада Бишкек шаарынын айрым тургундары буга каршы чыккан.

Ушул күнгө чейин Бишкекте 5300гө жакын “акылдуу” эсептегичтер коюлган. Мурда коюлуп калгандарга “Түндүк электр” эсептегичтеги чектерди кайрадан өзгөртүп берет.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү бүгүн ушул теманы кечки саат 9:00дө Коомдук биринчи каналдын түз эфиринен талкууламакчы. (КЕ)