Хижабчан аялдардын веложүрүшү башталды

Бишкекте хижабчан аялдардын веложүрүшү башталды. Кабарчыбыздын айтымында, ушу тапта Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектинин кесилишинде 50дөй кыз-келин велосипед айдап Кан борборуна барганы жатат. Ар бири өз ыктыяры менен кан тапшырып, аз кандуулукка чалдыккандарга жардамын бермекчи. Акциянын уюштуруучусу - Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын аялдар комитети. Алардын максаты - аялдар арасында анемия оорусун алдын алуу жана спорт менен машыгып, велосипед айдап, дени сак жашоого үндөө. Веложүрүштүн коопсуздугун жол-кайгуул кызматкерлери камсыздоодо. Милициянын айтымында, Манас проспектинин Ахунбаев көчөсүнөн Кан борборуна чейинки аралыгы эки чакырым түзөт. Доктурлардын соңку маалыматы боюнча, кыргызстандык кыз-келиндердин 47% анемия оорусуна чалдыккан. (MiT/RK)