Улуттук банк жаңы 100 долларлык банкнот боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Улуттук банкы АКШ чыгарган жаңы 100 долларлык банкнота боюнча түшүндүрмө берди. Банктан кабарлашкандай, буга байланыштуу суроолор көп түшүп жатат. Быйыл 8-октябрда АКШнын Федералдык резерв системасы наркы 100 долларлык жаңы банкнотторду чыгарган. Ал 2009-жылкы дизайн боюнча иштелип чыккан. Улуттук банктын маалыматында, жаңы акча менен катар мурда чыккан банкноттор да бирдей күчкө ээ. Жаңы банкноттордун бекемделген бир нече коргоо элементи бар. (RK)