Тажик поездине кол салгандар кармалды

Орусиянын Воронеж облусунда Москва-Дүйшөмбү поездине кол салуу боюнча шектелген 8 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги маалымдады.

26-октябрда поезд "Терновка" станциясына токтогон убакытта жаштардын тобу анын терезелерин талкалап, проводникти таш бараңга алышкан. Тажикстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, окуяны тезирээк иликтөөнү талап кылган.