КТРК Сеулдагы телекомпания менен кызматташат

29-октябрь күнү КТРК менен  Түштүк Кореянын  “Кореялык берүүлөр системасы” (KBS) менен кызматташуу меморандумуна кол койду.  Анын алкагында жаңылыктарды алмашуу, биргеликте коомдук-маданий программаларды даярдоо, кызматкерлердин эки тараптуу тажрыйба алмашуу иштери аткарылат.  

Бул тууралуу Коомдук телеканалдын маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)