Приморье: мал күткөн кыргыздар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын Приморье крайында расмий маалымат боюнча 5 миңге чамалуу кыргызстандык жаран бар. Көпчүлүгү курулушта, базарда жана тейлөө тармагында иштейт. Арасында бизнес ачкан, кыйла ирденип калгандарын кездештирүүгө болот. Алардын бири – Курманбек Жолдошев. Ал дагы башка үч мекендеши менен жармакташып, Владивосток шаарынан анча алыс эмес жерде мал чарба кармайт. (Элеонора Бейшенбек кызы, Мирлан Токталиев)