Айтматовдун күмбөзү 15,5 миллион сомго салынды

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде салынган Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө болжолдуу эсеп менен 15 жарым миллион сом сарпталды.  Бул тууралуу “Азаттыкка” күмбөздү курган “Бедиз-Арт” жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Зоя Никитенко билдирди.

Анын айтымында, каражаттын жарымын Айтматовдун уулу Аскар Айтматов көтөрдү. 2,5 миллион сомдун 1 миллионун президент Алмазбек Атамбаев жеке эсебинен, 1 миллион сомду демөөрчүлөр берди. Калган жарым миллион сом азырынча “Бедиз-Арттын” эсебине түшө элек.

Күмбөздү куруу иши жазында башталган. (AKu)