Өкмөт башчы Москвадан ден соолугун текшертет

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 16-ноябрга чейин бир жумалык эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Сатыбалдиев ден соолугун текшертүү үчүн Москвага кечээ жөнөп кеткени маалым болду. (RK)