Киевде Кыргызстан-Украина авиакаттамдарынын болочогу талкууланды

Кыргызстандын элчиси У. Чыналиев (оңдо) Украинанын эл аралык аба жолдору компаниясынын президенти Ю. Мирошников (солдо ортодо) менен сүйлөшүүдө. Киев. 12-ноябрь 2013

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Улугбек Чыналиев 12-ноябрда “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясынын президенти Ю. Мирошников менен кездешти. Жолугушууда Кыргызстан-Украина ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Кыргыз элчилигинин маалымдашынча, У. Чыналиев эки өлкө арасында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну дагы өнүктүрүү үчүн элчилик тийиштүү аракеттерди жасарын билдирди. Ю. Мирошников авиакаттамдарды эки өлкөнүн туроператорлору менен чогуу жана финансылык мүмкүнчүлүктөргө жараша жүзөгө ашыруу зарылдыгына көңүл бурду.

Украина авиакомпаниясы Кыргызстанга 2011-жылдан тарта жайкы сезон маалында каттайт.(АУ)