Ошто дагы жер титиреди

Бүгүн Ош облусунда эки жолу жер титиреди. Таңга жуук Алай-Кууда 1-1,5 балл болгон. Ал эми түштө Ош шаарында 3-4 балл, түштүк чыгыш тарабындагы Ийрек, Каратай, Чийчи айылдарында 4-4,5 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)