Аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстанда 19-21-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин айтымында, 19-ноябрда күндүз жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо каар жаайт, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. 20-21-ноябрда каар жаап, айрым жерлерде катуу жаайт, зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы кескин төмөндөп: өрөөндөрдө түнкүсүн 5...10 градус суук, күндүз 2...7 градус суук, тоо этектеринде түнкүсүн 8...13 градус суук, күндүз 4...9 градус суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 25...30, күндүз 10...15 градус суук болушу мүмкүн. (RK)