Филиппин президенти тайфундан жабыркаган аймактарды кыдырды

Филиппин президенти Бениньо Акино жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймактарды кыдырып, жардам көрсөтүү операциясы натыйжалуу жүрүп жатканына канааттангандан кийин гана баш калаага кайтаарын билдирди. Анын алдында өкмөт тайфундун кесепеттерин жоюу иштерин жай жүргүзүп жатат деген сынга кабылган.
8-ноябрдагы катуу шамал менен суу ташкындан каза тапкандардын саны 4 миңге жакындады. 1 миң 600дөй киши дайынсыз жоголууда, дагы 4 миллионго чукулу жер которууга аргасыз болду. Өлкөгө дүйнөнүн булуң-бурчунан жардам келүүдө. Бир катар мамлекеттер аскерлерин, медициналык кызматкерлерди жөнөттү. Дүйнөлүк банк дүйшөмбү күнү 500 миллион доллар каражат бөлөөрүн жарыялады.