Атамбаев Түштүк Кореянын жетекчилери менен жолугат

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапардын жүрүшүндө Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе, Улуттук Ассамблеянын спикери Канг Чанг Хи, Экспорт-импорттук банктын төрагасы Ким Енг Хван, Антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Ли Сунгбо менен жолугушат. Андан сырткары, кыргыз-кореялык инвестициялык форумга катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган. 

Атамбаев расмий иш сапар менен Түштүк Кореяга 18-ноябрда учуп барган. Президент менен кошо иш сапарга Түштүк Кореяга биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов, Президенттин аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков да барды. (SE)