Аба ырайы: чукул эскертүү

19-21-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүп жатат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бул аралыкта жаан-чачын көп болуп, тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Жолдор тайгак болот жана кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы өрөөндөрдө  түнкүсүн -10 градуска чейин,  күндүз -7 градуска чейин суук болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -30, күндүз -15 градуска чейин суук болушу мүмкүн. 

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатып, унаа каттамына, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине терс таасирин тийгизет.

20-ноябрда өлкө аймагында жаан жаап, карга айланат. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
                              
Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...-7
Баткен облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...4, күндүз 0...5,
Нарын жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,
Тоолордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8 болот.

Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн  0…-2, күндүз -3…-5 градуска чейин төмөндөйт. (SE)