Мамытов майдандыктар менен жолугат

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов бүгүн Кадамжай районундагы Майдан айылынын эли менен жолугуп, Z-explorer компаниясынын тегерегиндеги пикирлерди угат. Айыл тургундарынын айткандары бул жаатта мындан ары кабыл алынчу чечимдер үчүн маанилүү экенин Мамытов журналисттерге билдирди.

Аталган кен казуучу компания Австралияга таандык. 18-октябрда Майдан айылынын тургундары аны иштетүүгө каршы чыгып, ишкананын техникасын талкалашкан.

Токон Мамытовдун Баткен облусуна иш сапары 19-ноябрда башталган. Бүгүн Лейлек районундагы Борбордук айылында Тажикстан жарандарына сатылып кеткен үйлөр боюнча да эл менен жолугушуу өткөрөт. (JsA)