Бишкек-Ош жолунда унаа кыймылы кыйындады

Жаап жаткан карга байланыштуу Бишкек-Ош жолунда жүздөгөн машинелер топтолуп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы 133, 135, 154, 155-чакырымдарда, түндүк тарабындагы 106-120-чакырымдарда жол тайгак.

Төө-Ашуудагы карды тазалоо иштерине №9 жол тейлөө ишканасынан  10 техника тартылган. Бирок унаа тыгынына байланыштуу тазалоочу техникалардын белгиленген жерлерге жетиши кыйын болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа айдоочуларына алыс сапарга чыкпоону эскертет. (SE)