Франциянын поезддеринде чет тилдер үйрөтүлөт

Франциянын Темир жолдор улуттук компаниясы кадрларына жаңы саамалык сунуш кылууда. Эми жүргүнчүлөр убакытысын бошко кетирбей, чет тилдерди үйрөнө алышат. Азырынча Реймс-Париж каттамындагы таңы поезддерде англис тили боюнча 45 мүнөттүк сабак берилүүдө. Мугалимдер – менчик тил мектебинин кызматкерлери.
Компаниянын расмий өкүлү Давид Потьенин айтымында, бул пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо, тил курстары башка каттамдарга да киргизилет. Англис тилинен башка тилдер да сунуш кылынышы мүмкүн.