Ноокенде майыптар үчүн сынак уюштурулат

Ноокен районунда майып адамдарды колдоо максатында маданий сынак уюштурулат. Ал райондук акимчилик тарабынан 3-декабрда – эл аралык майыптар күнүнө карата өткөрүлөт.

Район акими Абдырахман Осмонов “Азаттыкка” билдиргендей, сынакка бардык майып адамдар катыша алат. Алар сүрөт тартуу, ырдоо сыяктуу өнөрлөрүн тартуулашат.

Райондо 1120 майып адам жашайт. (SE)