Чычкан дарыясына агып кеткен айдоочу изделүүдө

Токтогул районундагы Чычкан дарыясына 26-ноябрь күнү агып кеткен айдоочу изделип жатат. Күндүзгү саат үч жарымдар чамасында Бишкек-Ош жолунда  жүк ташуучу ХОВО унаасы дарыяга кулап, андагы 40 тонна күйүүчү май агып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдиргендей, кырсыкка кабылган унаа ичинен 1976-жылы туулган Усманов аттуу жүргүнчү куткарылып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. (SE)