Иранда ВИЧ-инфекциясы көбөйүүдө

Ирандын саламаттыкты сактоо министри өлкөдө ВИЧ-СПИД жуктурган адамдардын саны жыйырма жыл ичинде кескин көбөйгөнүн эскертти. Shahrvand гезити дүйшөмбүдө министр Хассан Хашеминин сөзүнө таянып, илдет жыл сайын 80% өсүп жатканын жазды. Хашеми оорунун жугуу жолдору да мурдагыдай ийне аркылуу эмес, корголбогон катнашка өткөнүн белгилеп, ВИЧ-СПИДге коомчулуктагы табуну алып салмайынча, илдетти башкарууга мүмкүн эместигин билдирет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Али Сайяри илдеттин таркашына спутниктик телекөрсөтүүнүн, спорт залдарынын жана сулуулук салондорунун жоопкерчилиги бар деп эсептейт.