"Санпанын" жанынан адам өлүгү табылды

Бишкек - Ош унаа жолунун боюндагы “Санпа” заводунун жанынан адегенде өлтүрүлүп, кийин капка оролуп жашырылган жыйырма жети жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн эки күн мурда автоунаасы менен чыгып кеткен бойдон дайыны табылбай жаткан Закиржан Абдувалиев аттуу адам болуп чыкты. Анын өлүмүнө шектүү саналган Сузак районундагы Сузак айлынын 35 жаштагы тургуну Икрамжан Саидов кармалды. Ал сөз талаша урушуп кетип, темир таяк менен башка чаап өлтүргөнүн мойнуна алган. Облуста он бир айда адам өлүмүнө байланыштуу 42 окуя катталды. (YA/RK)