Мырзакматов Оштогу тарапкерлери менен эртең жолугат

Мелис Мырзакматов Ош шаарындагы өзүнүн тарапкерлери менен эртең, 7-декабрда жолугат. Бул тууралуу бүгүн ал "Азаттыкка" айтты. Кечээ өкмөттүн буйругу менен Ош мэринин милдетин аткаруудан четтетилген Мырзакматовдун 200дөй тарапкери мэрия алдына чогулуп, анын дайын-дарегин билдирүүнү талап кылган. (JAk/RK)